Казакстанда мектеп окуучусу өз ата-энесинен кордук көрүп жатканын айтып, жардам сурады
Казакстандын Атырау облусунда мектеп окуучусу ата-энеси ага карата агресивдүү мамиле кыларын айтып, жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу Tengrinews.kz. агенттигине шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кыз инстаграмм баракчасына атасы идиши жуубагандыгы үчүн жашы жете элек кызга ыплас сөздөрдү айтып жаткан видеону жарыялаган.
"Жардам бериңиздерчи, суранам. Күн сайын алар менен бир үйдө жашоо мен үчүн коркунучтуу. Мен зордук-зомбулукка бир нече жыл чыдап келем. Муну жарыялаганым балким, туура эместир, бирок, менин тагдырым эмне болорун билбейм", -деп жазган кыз.
Видеодон кыз атасына тасманы интернетке жарыяларын эскертип жатканы угулат.
Кийинчерээк, кыз соцтармактагы баракчасына окуяны ачыкка чыгарбоону суранган. Анткени ал ата-энесинин реакциясынан коркорун жазып, кийинки тагдырына сарсанаа болорун билдирген.
Ал эми, милиция бул ишти көзөмөлгө алгандыгын кабарлаган.
Добавить комментарий ×