Аламедин-1 кичи районунда баштыкка салынган ымыркайдын денеси табылды

19 октября 2021 11:29 1873 Barometr
Поделиться в:
ok

17-октябрда саат 12лер чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Аламедин-1 кичи районунун аймагында пакетке салынган ымыркайдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда милициядан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган факты Свердлов райондук ИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Кылмыш кодексинин 150-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Ыкчам иликтөө иш-чаралары башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/alamedin-1-kichi-rajonunda-bashtykka-salyngan-ymyrkajdyn-denesi-tabyldy



Добавить комментарий