Аламүдүндө таанышын мыкаачылык менен бычактап өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
Аламүдүндө таанышын бфчактап өлтүрүп кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 15-декабрда Аламүдүн районунун Лесхоз айылынын тургуну 1978-жылы туулган К.С. аттуу жарандын, бычактан жаракат алып каза болгон денеси табылгандыгы туралуу милицияга билдирүү түшкөн.
“Аталган факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 122-беренесинде көрсөтүлгөн (адам өлтүрүү) кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан иизи суй электе жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары 1986-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалып, ал жабырлануучу менен спирт ичимдиктерин ичип олтуруп, ортодо чыккан чыр-чатактан улам, бычак менен жабырлануучуну моюн тарапка сайып жибергени аныкталган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Тергөө амалдары улантылууда”, -деп айтылат маалыматты.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdnd-taanyshyn-mykaachylyk-menen-bychaktap-ltrg-shekt-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×