Аламүдүндө дүкөн тоногон балдар кармалды

15 февраля 2020 11:48 605 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районунда бир нече уурулук кылган деген шек менен балдар кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Ага ылайык, январь айынын соңунда ички иштер органдарына Арчалы айылынын тургуну кайрылып, белгисиз кишилер дүкөндүн эшигин талкалап кирип, азык-түлүк менен акчаны уурдап кеткендерге чара көрүүнү суранган. Жалпысынан 60 миң сомдук чыгымга учураган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 15, 16 жана 17 жаштагы балдар кармалган. Алар Аламүдүн районунун аймагында ушундай эле 5 уурулук фактысына тиешеси бар деп шектелүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdnd-dkn-tonogon-baldar-karmaldy



Добавить комментарий