Аламүдүн районунда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 5 адам жабыркады
Поделиться в:
Чүйдө жол кырсыктан 5 адам жаракат алып, бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 13-сентябрда Аламүдүн районунда саат 20:14тө Лебединовка айылынын В.Ленин жана М.Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде “Lexus RX300” жана “Honda Accord” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.
Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-zhol-kyrsyktan-bir-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×