Аламүдүн районунда жергиликтүү тургун 73 жаштагы энесин өлтүрдү
Поделиться в:
Киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды.Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кечээ, 30-июнда Аламүдүн районундагы Пригородное айылында адам өлтүрүү кылмышы болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган. 73 жаштагы М.А.нын жансыз денеси уктоочу бөлмөдө жаткан.
Укук коргоо кызматкерлери 34 жаштагы шектүү адамды-каза тапкан аялдын уулун кармашты.
Квартираны тинтүү маалында 5 диний китеп жана кол жазма жазылган дептер табылды. Аларга экспертиза дайындалды.
Тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-zhergilikt-turgun-73-zhashtagy-enesin-ltrd
Добавить комментарий ×