Бишкекке жакын жердеги Боз-Бөлтөк тоосунан жол тандабас кулап, айдоочу каза болду

29 апреля 2020 10:03 2409 Barometr
Поделиться в:
ok

Аламүдүн районунда 28-апрелде саат 22:00до Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан “Тайота Прадо” үлгүсүндөгү унаа коктуга кулап түшкөн. Аны 1996-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран айдап жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Жерине №1 ӨКБ куткаруучулары барып, жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бирок жабыркаган жаран ооруканага жетпей көз жумган.

Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-rajonunda-unaa-koktuga-kulap-tshkn



Добавить комментарий