Аламүдүн дарыясынын суусу эмнеге жашыл болгону Жогорку Кеңеште каралат
Депутат Бакирдин Субанбеков Чүйдөгү Аламүдүн дарыясы булганып жатканы боюнча бир катар маалыматтар жазылып, видеолор социалдык тармактарга чыкканын айтып, бул боюнча тийиштүү кызматтар келип Жогорку Кеңеште маалымат берүүсү керектигин билдирди.
Депутаттар тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматын бүгүн жыйындын аягына уга турган болду.
Төрага Дастан Жумабеков экологиялык техникалык инспекция болобу, же башка орган болобу келип маалымат берсин деп күн тартибине кошуп, аны депутаттар колдоого алды.
Эске салсак, Аламүдүн дарыясы жашыл түскө боёлуп агып жатканы боюнча социалдык тармактарда видео тараган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/alamdn-daryyasynyn-suusu-emnege-zhashyl-bolgonu-zhogorku-keeshte-karalat
Добавить комментарий ×