Алайда жер титиреди
Поделиться в:
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунун маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Жер титирөө 2022-жылдын 23-январында саат 15:48де болгон.
Жер титирөө Алай районунун Ак–Босого, Кызыл-Алай айылдарында 3 балл, Арча – Булак, Кичи – Алай айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожо-Келен айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/alajda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×