Алайда кудукка түшүп кеткен жаран аман-эсен куткарылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары Алайда кудукка түшүп кеткен жаранды аман-эсен куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн, 20-февраль түшкө жуук Алай районунун Гүлчө айылынын Бубаев көчөсүндөгү турак үйдүн короосунда Будалык айылынын тургуну 1979-жылы туулган А.А. аттуу жаран кудук казып жатып кудукка түшүп кеткен. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин № 68 Өрткө каршы куткаруу бөлугүнөн 5 куткаруучу жана фельдшер саат 11:57 жетип барышкан.
Жабырлануучу 4 метр тереңдикте казылган кудукка түшүп, үстүн шагыл басып калган. Кудуктун ичи тар болгондуктан, бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган кум-шагылды чака менен сыртка алып чыгышып, кылдаттык менен тазалашкан. Саат 15:36да куткаруучулар куткаруучу шаймандар менен кудуктун ичиндеги адамды сыртка чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Кудукка түшүп кеткен жарандын абалы туруктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/alajda-kudukka-tshp-ketken-zharan-aman-esen-kutkaryldy
Добавить комментарий ×