Алайда карыянын жансыз денеси дарыянын жээгине калкып чыгып калган
Поделиться в:
Алай районунда 62 жаштагы жарандын жансыз денеси дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"9-сентябрда саат 08:09да Жар-Кыштак айылындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшүп, кайрылгандар аны чыгарып берүүнү суранышкан.
Жерине куткаруучулар тартылып, 1958-жылы туулган эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деди ӨКМ.
Ссылка: https://barometr.kg/alajda-karyyanyn-zhansyz-denesi-daryyanyn-zheegine-kalkyp-chygyp-kalgan
Добавить комментарий ×