Алай районунун Гүлчө айылында “Айыл оттору” фестивалы өтүп жатат

26 июля 2018 21:00 1170 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 25 – июлда Алай районунун Гүлчө айылында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата “Айыл оттору” аталышындагы маданият,  кол өнөрчүлүк  жана туризм фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу КР маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Фестивалдын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Касымалиева,  Кыргыз Республикасынын Вице – премьер министри Замир  Аскаров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев катышууда. 

Ошондой эле  иш чаранын маданий бөлүгүндө кыргыздын ырчылары жана казак элинин белгилүү домбрачысы Эржан Жаманкеев дагы келди. 

Иш – чаранын максаты  маданий саясатта аймактык башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, аймактарга мүнөздүү этномаданий, тарыхый, социомаданий өзгөчөлүгүн идендификациялоо, маданияттын мыкты үлгүлөрүн жайылтуу аркылуу элет калкынын бош убактысын мазмундуу, пайдалуу уюштурууга шарт түзүү, улуттук маданий салттарды, өнөрлөрдү дүйнөлүк жаңы (инновациялык) тажрыйбалар менен айкаштыруу, айыл жергесиндеги маданият үйлөрүнүн, клубдардын ишин жанданды-руу, музыкалык аспаптар менен камсыздоо, имараттарын оңдоо, жергиликтүү өнөрпоздордун, ошондой эле борборлордон профессионалдуу өнөр адамдарынын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү, район борборлорунда жана айылдарда туристтик борборлорду ачуу, окууларды, тренингдерди уюштуруу, ар бир жердин шартына жараша туристтик бренд ачуу жана потенциялын өнүктүрүүгө багытталат.

Фестивал  жыл сайын кезек менен бардык облустарда өтө турган салттуу иш - чара болуп, анын жүрүшү семинар-кеңешме жана маданий программа менен коштолот. Семинар-кеңешмеде айыл маданияты, туризми, элдик кол өнөрчүлүк, маданият тармагын жөнгө салуучу мыйзам актылар, укуктук кеңештер, маданият мекемелелер талкууланат жана тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт. Ал эми, маданий программада жергиликтүү элдин салт-санаасын, маданиятын, турмуш-тиричилигинин чагылдырган оюн-зоок жана спорттук иш чаралар, ошондой эле, республикалык жана жергиликтүү профессионал өнөрпоздордун концерттик программасы тартууланат.


Ссылка: https://barometr.kg/alaj-rajonun-glch-ajylynda-ajyl-ottoru-festivaly-tp-zhatat



Добавить комментарий