“Алай” футболдук клубу Түркмөнстандагы алгачкы машыгуусун өткөрдү

26 февраля 2019 11:51 1139 Barometr
Поделиться в:
ok

Оштун “Алай” футболдук клубу Түркмөнстандагы алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу "Барометр" сайтына оштук команданын ЖМК менен иштөө боюнча менеджери Кубанычбек Ураимов билдирди.

АФК Кубогу-2019 мелдешинин тантап алуу турунун алкагында Оштун Алай клубу эртең, 27-февралда Түркмөнстандын «Ахал» командасы менен жооптук беттешке чыгат.

Алайдын футболчулары поездде кечээ эртең менен Ашхабадга жеткенин Кубанычбек Ураимов билдирди. Учурда алгачкы машыгууларды өткөрүп, кызуу даярдык көрүлүп жатат, Алай кийинки баскычка өтүү үчүн бардык күчүн жумшайт дейт ал.

20-февралда Оштогу Сүйүн Акматбеков стадионунда биринчи беттеште түркмөн клубу 1:2 эсеби менен жеңип кеткен.

Эске сала кетели жооптук эртең, 27-февралда «Ашхабад» стадионунда Бишкек убактысы боюнча 17:00дө башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/alaj-futbolduk-klubu-trkmnstandagy-algachky-mashyguusun-tkrd



Добавить комментарий