Бишкекти жаңы жылга карата кооздоого канча каражат сарпталаары айтылды

17 декабрь 2018 10:49 1878 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги жаңы жылдык жасалгалоо иштерине канча каражат коротулуп жатканы баардык жарандарыбызды кызыктырып келет. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова маалымат берди:

“Бишкек шаарындагы быйылкы жаңы жылдык жасалгалоо иштерине болжол менен 5 миллион сом кетет. Бул каражатты мэрияга тиешелүү “Бишкек свет”, “Тазалык”, "Зеленхоз" муниципалдык ишканалары жылдык бюджетин үнөмдүү пайдалануу жолу менен чогултуп берүүдө. Учурда майрамдык жасалгалар уланууда. Акчаны үнөмдөө жолу менен иш алып барып жатабыз. Мисалы филармониянын жанындагы дельфинди кооздоп жасоого 400, 000 (төрт жүз миң) сом сарпталды. Жалпысынан канча каражат коротулары тууралуу эсептөө иштери толугу менен соңуна чыга элек” – деп Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетова Barometr.kg  сайтына билдирди.

Ал эми мэрия тарабынан бөлүнгөн 1 миллион сом, жаңы жылдык эң кооз жасалгаланган аймака баш байге катарында берилерин кошумчалады.

Эске салсак, Бишкек шаардык мэриясы тарабынан майрамдык жасалгалоо боюнча кыргызстандын баардык аймактарына сынак жарыяланган.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantyndagy-delvindi-koozdop-zhasoogo-trt-zhz-mi-som-sarptaldy



Добавить комментарий