Ала-Тоо аянтында укук коргоо өкүлдөрү менен эл айтыша баштады

17 января 2019 13:54 1843 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Укук коргоо кызматкерлери менен карапайым эл митинг болгон жерде урушуп башташты. Анда элдерге түшүндүрүү иретинде укук коргоо органдары тарабынан өкүлчүлүктөр чыгып, коомчулуктун суроолоруна жооп берип жатышат. 

Митингчилер бийлик тарабынан өкүлдөр чыгып, суроолорго жооп берүүсүн сурап жатышат. Азырынча бийликтин өкүлүмүн деп эч ким чыккан жок.

Митингдин жүрүшүндө элдер коомчулук тарабынан комиссия түзүлүшүн сунуш кылышууда. Бир гана кытайларга каршы эмес, бир канча нааразычылыктар дагы айтылды. Алардын ичинен түкүрүк тууралуу да айтып кетишти. Кыргызстандын эч байлыгы калган жок. Жерибиз эле калды. Эми ошол жерибизди сактап калалы дешти. 

Ал эми милиция кызматкерлери тынчтыкты сактаганга жана баш аламандыкка жол бербегенге аракет кылышууда. 

Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өтүп жатат. 


Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantynda-ukuk-korgoo-kldr-menen-el-urusha-bashtady-bijlik-taraptan-azyryncha-ech-kim-chygyp-zhoop-bere-elek



Добавить комментарий