Ала-Тоо аянтында митингчилер гамбургерге жана сууга 56 000 сом акча чогултушту

5 октября 2020 15:54 818 Barometr
Поделиться в:
ok

Борбордук Ала-Тоо аянтында Жогорку Кеңешке депуттарды шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг өтүп жатат.

Митингчилер өз демилгелери менен коомдук тамактануу үчүн акча чогулта башташты.

Митингге чыккандардын арасында парламентке өтпөй калган бардык партиялардын лидерлери бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, 500дөн ашуун адам чогулган.

"Ушул жерге ташта, биз тамак-аш жана сууга акча чогултабыз", -деди Чоң-Казат партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев.

Натыйжада, митингчилер 56000 сом чогултуп, 600 литр суу жана гамбургер сатып алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-too-ayantynda-mitingchiler-gamburgerge-zhana-suuga-56-000-som-akcha-chogultushtu



Добавить комментарий