Ала салып кете жаздады. Бишкекте эки жол тандабастын кагышкан учурунун видеосу тарады

17 января 2020 16:17 3508 Barometr
Поделиться в:
ok


Борбор калаанын Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишенен Lexus менен Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабастардын кагышканын ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Lexus машинасын 27 жаштагы А.А. аттуу кыз батышты көздөй баратып, Токтоналиев көчөсүнөн  Toyota Land Cruiser менен кагышкан. Аны 44 жаштагы Ч.Э. аттуу жаран айдап бараткан.

Жол кырсыгынан кийин 26 жаштаг айдоочу менен Toyota Land Cruiser машинасынын ичиндеги жүргүнчү №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Андан сырткары үч жашар бала да жабыркап, ал балдардын №3 ооруканасына алып барылган.

Toyota Land Cruiser машинасынын айдоочусу жабыркаган эмес.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/ala-salyp-kete-zhazdady-bishkekte-eki-zhol-tandabastyn-kagyshkan-uchurunun-videosu-tarady



Добавить комментарий