Ала качкан 16 жаштагы кыз мурдатан жигити менен жыныстык мамиледе болгонун айтты
Ошто 16 жаштагы кызды ала качып кетишип, никеге турууга мажбурлашкан. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
15-апрелде Алай райондук ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып 2003-жылы туулган анын кызын 1998-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну ала качып кеткенин айтып арыз берген. Ошол эле маалда кыздын жашы жете электигин билип туруп ала качканын кошумчалаган.
Бирок кыз бул тууралуу башкача маалымат берди. Тергѳѳ маалында кыз көрсөтмө берип, анда кѳрсѳтмѳсүндѳ ала качкан жигит менен мурдатан тааныш болгонун, бир нече жолу жыныстык мамилеге күч колдонуусуз эле барганын, ала качкан учурда ѳз эрки менен жигиттин үйүнѳ киргендигин, эч ким күч колдонбой өз эрки менен келин болуп келгендигин айтты.
Жашы жете элек кыздын берген көргөзмөсүнө карабай тергөө уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Добавить комментарий ×