Ала-Букада жаш кыз зордукталды

18 июня 2018 22:50 3849 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жашы жетелек кыз зордукталды. 

Ала-Бука айылынын тургуну, 1993-жылкы туулган Э.Б.А. аттуу жаран 14-июньдан 15-июньга караган түнү түнкү 00:30 дар чамасында "Форд-Фокус" автоунаасынын арткы олтургучунда 2001-жылы туулган Р.А. аттуу жогоруда айтылган айылдын жашоочусун күчкө салуу менен зордуктаган. 

Э.Б.А. аттуу жаран 16-июньда Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан камакка алынды. Маалыматтарга ылайык, кунөөкөр Ала-Бука районунун Сары талаа айылынын жашоочусу жана экинчи топтогу майып. 

 Кылмыш иши боюнча Ала-Бука  райондук ички иштер бөлүмү 129-статьяга ылайык "Зордуктоо" беренеси менен эки айлык камакка алынды. 

Учурда сурак иштери жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukada-zhash-kyz-zorduktaldy



Добавить комментарий