Ала-Букада 15 дарыгер коронавируска шектелип обсервацияга алынды
Поделиться в:
Азыркы кезде Ала-Бука районунда 15 медициналык кызматкер обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы билдирди.
Ага ылайык, нөөмөтү бүткөн соң, медиктер 14 күнгө обочолонгон обсервацияга жайгаштырылат, андан кийин алардан кайрадан анализ алынат.
Эске салсак, Кыргызстанда 9 дарыгерге коронавирус жукканы тастыкталган. Ал эми жалпы республика боюнча 144 кишиден вирус табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-bukada-15-daryger-koronaviruska-shektelip-observaciyaga-alyndy
Добавить комментарий ×