Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна кар көчкү түшүп, убактылуу жабылды
Чаткалдагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолуна көлөмү болжол менен 1000м3 кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
18-декабрь күнү саат 06:00 чамасында жааган кардын кесепетинен жогоруда аталган унаа жолунун 90-100-чакырым аралыгы жабылган. Мындан сырткары саат 22:20 чамасында ушул эле унаа жолунун 88-чакырымында көлөмү болжол менен 300м3 кар көчкү түшкөн.
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Учурда жол толугу менен тазаланды. Бирок, кырсыкты алдын алуу максатында Чаткал РМАнын башчысынын биринчи орун басарынын 2018-жылдын 18-декабрындагы №146 буйругунун негизинде Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдору атайын буйрукка чейин убактылуу жабылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ala-buka-zhay-bazar-kirovka-unaa-zholuna-kar-kchk-tshp-ubaktyluu-zhabyldy
Добавить комментарий ×