Ала-Арча дарыясы эмнеге жашыл түскө боёлду. Экотехинспекция өз версиясын айтып берди
Ала-Арча дарыясына айланма жолдогу май куюучу жайдын аймагынан жашыл түстөгү кургак боёктерди сууга салышкан болушу мүмкүн. Мындай божомолун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Расул Артыкбаев парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Эске салсак, буга чейин 29-февралда Ала-Арча суусунун жашыл түскө боёлуп агып жаткан видеосу тараган болчу. Бүгүн, 5-мартта, парламенттин жалпы жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков аталган окуя боюнча тийиштүү органдардын маалыматын угууну сунуштаган.
Артыкбаев аларга Ала-Арча дарыясында жашыл суу агып жатканы боюнча маалымат аларга 29-февралда саат 12600дөр чамасында келгенин айтып, дароо тийиштүү кызматтарга кабар берилип, атайын топ түзүлгөнүн маалымдады. Анын курамына Чүй облусунун башчысы, ӨКМден, Санэпидкөзөмөлдөн, Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигенен, жергиликтүү администрациялардан, айыл өкмөттөрдөн, Бишкек мэриясынан, ИИМден өкүлдөр кирген. Ал топ кечки саат тогузга чейин жеринде иш алып барган.
Артыкбаев өз сөзүндө жашыл түскө боёлгон жерлерден өлгөн балыктар же канаттуулар табылбаганын айтты. Андан сырткары Саламаттык сактоо министрлигинин Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги өз-өзүнчө сууларды лабораториялык анализге алган.
“Санэпидкөзөмөлдүн алдын ала жыйынтыгы боюнча суунун химиялык курамы белгиленген көлөмдөн ашкан эмес. Ал эми Курчап турган чөйөрнү коргоо агенттигинин лабораториясынын алдын ала жыйынтыгында нетраттар менен нитриттердин көлөмү бир аз ашканы аныкталды”, — деди ал.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары кошумча лабораториялык аналздер алынганын айтып, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет деп ишендирди.
Добавить комментарий ×