Акжол Махмудов өзүнүн трикосун аукциондо 6 500 долларга сатты

26 августа 2021 09:42 1744 Barometr
Поделиться в:
ok

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов өзүнүн трикосун 6 500 долларга сатты. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасынан маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Буга чейин ал тапкан каражатты кайрымдуулук иштерине жумшай турганын айткан болчу. Анын кайрымдуулук үчүн кылган аракети текке кетпей, катталуучулары 19 500 доллар чогултуп беришти.

“Аукцион аяктады! Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бир канча күндүн ичинде эле мен кайрымдуулукка берем деген чоң акчаны топтоп бердиңиздер. Жалпы: 26 000 доллар. Колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ырахмат! (Тилекке каршы, биз аукционду Instagramда олуттуу эмес сунуштардын көптүгүнөн улам өткөрө албай калдык)”,-деп жазды спортчу.

Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-znn-trikosun-aukciondo-6-500-dollarga-satty



Добавить комментарий