Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээледи
Поделиться в:
Кыргызстандын грек-рим стилиндеги күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 2-орунга чыкты.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Токио шаарында өткөрүлгөн Олимпиадада кыргызстандык балбан 77 кг салмакка чейинки категориядагы турнирге катышып, күмүш медаль алган.
Бул жыйынтыктан улам ал дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Бул рейтингге карата октябрь айынын башында Норвегияда өткөрүлө турган дүйнөлүк чемпионаттын катышуучулары тандалат.
Ссылка: https://barometr.kg/akzhol-mahmudov-djnlk-rejtingde-2-orundu-eeledi
Добавить комментарий ×