"Кутуламын деп карыздан кендердин баарын сатпаңыз". Төкмө акын Садыр Жапаровго кайрылды

28 января 2021 17:19 9099 Barometr
Поделиться в:
ok


Белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун кызмат орду менен куттуктап, “эскинин арыгын чаппаган, эл үмүтүн актаган ажо болуңуз” деп кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу акындын соцтармактагы баракчасына жүктөлгөн видео тасмага шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Бүгүн Кыргызстанды бүткүл дүйнө көз салып карап турду. Жаңы ажобуз ант берип, чоң жолго аттанды. Эгемендик алгандан бери президентке жарыбай кыргыз шорлоду. Эми бизге эл башчы болуп, эл үмүтүн актаган ажо болуңуз урматтуу Садыр Нуркожоевич.

Эми Садыр мырза сизге мүмкүнчүлүк берилди. Мүңкүрөтпөй элиңизди күнү-түнү иштеңиз. Отуз жылы башчыдан башчы тандасак да, бактыбыз болбоду. Кыргызстанды шорлоткон кыргыздын эле балдарды болду.

Таман алдыбыздын баары алтын кен экен. Ошентсе да, миңдеген кыргыз мигрант болуп жүрөт. Алтындарыбызды тонналап алып чыгып кетишти. Тоолорубузду томкоруп сатып кетишти. Ушунун баары эле коррупциянын айынан болуп жатат да. Ушундай эбегейсиз кылмыштын бетин ачыңыз. Алты айдын эле ичинде өзгөрүү кылып таштаңыз.

Кутуламын деп тышкы карыздан кендердин баарын сатпаңыз. Кутулабыз карыздан коррупционерлердин чөнтөгүн эле каксаңыз.

Эми эски арыкты чаппаңыз. Анда өзүңүз билесиз, кыргыздын каармандыгын, алты эле саатын ичинде Ак үйдөн кууп таштайбыз. Бирок, ызы-чуу болбосун. Өлкөбүз өнүгүү жолуна карай бет алып, бейпилдик гана орносун”, -деп ырга кошуп Жапаровго кайрылуу жолдоду акын.

Эске сала кетсек, бүгүн, 28-январда Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында ант берип, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришти.

Ссылка: https://barometr.kg/akyn-zheishbek-zhumakadyr-sadyr-zhaparovgo-alty-ele-ajdyn-ichinde-zgr-kylyp-tashtayz-dep-kajryluu-zholdodu-video



Добавить комментарий