Акылман аял болуунун сырлары

31 января 2022 20:05 2424 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Качан сен улгайганда бул нерселерди аткарууну унутпа!!! Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

1. Эң алгач башка бирѳѳнү үйрѳтпѳ, кыйын болбо, сеники туура экенин билсең да. Эсиңден чыгарба учурунда ушундай кеңештер сенин кыжырыңа тийген!

2. Жардам берүүнү суранбаса ѳзүң эле аракет жасай бербе. Байланба, жакындарыңды баардык жамандыктан куткарууга тырышпа. Жѳн гана аларды сүй!

3. Наалыба! Үйдүн алдында ушак тараткан кемпир болбо.

4. Балдарыңдан алкыш күтпѳ. Бул нерсени эсиңден чыгарба: Ыраазы болбогон бала болобойт. Балдарынан алкыш күткѳн акылсыз ата-энелер бар.

5. « Мен сендей кезде…», « Жашоомдун эң сонун учурун сага бердим», «мен сенден улуумун ошондуктан жакшыраак билем» деген фразаларды колдонбо.

6. Эгер сенин неберелериң болсо атың аташын талап кылба, чоң апа дегени жакшы.

7. Акыркы акчаларыңды жашартуучу нерселерге колдонбо, бул пайдасыз. Акчаңды саякаттоого колдон.

8. Караңгы жерде ѳзүңдѳ күзгүдѳн карап, макияж жасаба. Жашарууга аракет жасабай, элеганттуу кѳрүнүүгѳ аракет жаса.

9. Өзүңдүн жолдошуңду ал урушчаак, алсыз абышка болсо да аны баала. Бир кэзде ал да жаш күчтүү, кызыктуу адам болгонун эсиңден чыгарба. Сени жаш, сулуу, келбетүү бойдон эстеген жалгыз ошол адам. Чындыгында сен ѳтѳ керек болгон адамың ал.

 10. Кандай болсо да жаңы муунду кууп жетем деген ой менен алектенбе, жаңы технологияны жаңылыктарды билип турушум керек деп талап кылба. Өзүңѳ жаккан нерсени аткар.

11. Эч качан ѳзүңдү күнѳѳлү сезип соттобо. Жашооң, балдарыңдын жашоосу кандай болсо да баардык күчүңдү жумшадың.

 12. Кандай гана кырдаал болбосун кадыр-баркыңды сакта. Аягына чейин сакта. Бул ѳтѳ маанилүү. Эгер сен ушул убакка чейин тирүү болсоң, демек кимдир бирѳѳгѳ керексиң.

Ссылка: https://barometr.kg/akylman-ayal-boluunun-keeshteri



Добавить комментарий