Акылдуу айымдардын эң мыкты үч сапаты кайсы?

9 декабря 2019 09:14 16662 4 Barometr
Поделиться в:
ok

Акылдуу айымдардарда өзгөчө үч сапат болот. Алар:

 Сүйлөй алуу жөндөмдүүлүгү

Жай-салмактуу, туура жана толук сүйлөйт. Өзүнүн оюн туура көрсөтүп, ширин жана жакшы дикция менен сөздүн баш-аягын жебей сүйлөйт. Мындай аялдарга эркектер да, аялдар да суктанат, сыйлайт. Анткени сулуулук бул тышкы гана келбет эмес, ал ички ойдун байлыгы да.  Ошондуктан туура сүйлөгөн айымды да сулуулуктун эталону катары кабыл алсак болот.

Жүрүм-турум

Келишимдүү айым эч жакка шашпайт. Алып учуп баспайт, бирок ар дайым пунктуалдуу. Бара турган жерин эсептеп, өз убагында чыгат. Ошондуктан эч жерге кечикпейт, баарына жетишет. Аркасын кайкалатып, жамбашын оңго-солго жеңил чайкап, башын түз алып басат. Мындай айымдарды көчөдөн байкабай коюуга болбойт. Эгер жумуштан кийин балдарды бакчадан алып же тамак–аш азыктарын алып, күнүңүз оор өтө турган болсо, жаныңызга жалпак чокой салып алыңыз. Мындан аялдык сапаттуулугуңуз эч жакка кетпейт, ал эми өзүңүз жеңил жүрөсүз.

Ден соолук

Өзүнө тыкан аялдар ден соолугун карабай, таштап койбойт. Жыл сайын керектүү медициналык изилдөөлөрдөн өтөт. Туура тамактанат. Спорт менен аз болсо да машыгат. Мындай аялдарды кароо өтө жагымдуу. Алар өз ден соолугун сактап, өзүлөрүнүн жанын багып жүрүшөт. Тилекке каршы биздин айымдар муну унутуп калышат.


Ссылка: https://barometr.kg/akylduu-ajymdardyn-e-mykty-ch-sapaty



Добавить комментарий

  • кимге жагыш үчүн күйөөсү бар аялдар дагыбы,акылдуу аял күйөөсүнө гана жасанат,көчөгө чыгып ар кимге жагыш үчүн эмес,дегеле кыргыз аял заттарына ыйман,адеп ахлак берсин
  • Жамбашты чайкабасан деле озу эле чайкалат го 🤣🤣🤣🤣
  • Тупее этого поста не читала. Ужас
  • Мен ички дуйносу менен,сырткы келбети ,ыймандуу ,токтоо,ден-соолугуна,келбетине караган айымдарды жактырамын.