Акылбек Жапаров: «2010-жылда жоголгон куралдарды кайтаргандардан кеминде бир миң АКШ долларга сатып алыш керек»
Бүгүн 13-февралда Парламенттин жыйынында депутат Акылбек Жапаров 2010-жылы жоголгон курал-жарактарды кайтаргандардан кеминде бир миң АКШ долллардан сатып алууну сунуштады. Бул тууралуу ал “Курал” жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтымында, 2010-жылдагы окуяларда 1190 курал-жарак уурдалып, жоголгон. Учурда алардын 557си кайтарылды, калган 633 даана курал колдо. Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сый акы каралган. Мисалы, гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, обрезге – 3200 сом», - деди ИИМ өкүлү.
«Жогоруда айтылган акчага эч ким куралды өткөрүп бербейт, ошондуктан ок атуучу куралдардын баасын так аныктоо керек. 1 миӊ доллардан кем болбоого тийиш, ошондо гана 2010-жылы жоголгон куралдар табылышы мүмкүн», - деди депутат.
Депутат Жапаров базар баасындагыдай акча сунушталганда гана кишилер да таап алган же катып койгон мылтыктарын активдүү тапшырарын белгиледи.
Добавить комментарий ×