Акыл-эске таасир берүүчү заттарды алып жүргөн чет өлкөлүк жарандар кармалды

20 декабря 2018 17:22 1130 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

ИИМдин ыкчам кызматкерлери тарабынан чоң көлөмдөгү акыл-эске таасир берүүчү заттар менен чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Ички иштер органдары тарабынан акыл-эске таасир этүүчү зат – метамфетаминди аткезчилик жол менен жайылтуу фактысы аныкталган.

2018-жылдын 16-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан Ирандын үч жараны жана Азербейджандын бир жараны кармалып,  алардан 

метамфетаминдин ири көлөмдөгү партиясы алынган. Алынган акыл-эске таасир берүүчү заттардын   салмагы 1 килограммга жакын-деп жазылат маалыматта. 

ИИМдин БМЖКККнын маалыматы боюнча жогоруда аталган топ чет өлкөлүк жарандардан түзүлүп, алар болжол менен 22-49 жаштагылар болушат. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда иликтөө иши жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/akyl-eske-taasir-berch-zattardy-alyp-zhrgn-chet-lklk-zharandar-karmaldy



Добавить комментарий