Акыйкатчы: 9 жаштагы мал кайтарган Ильяга күбѳлүк берилди

18 ноября 2019 09:38 1386 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

«Илья азыр акыйкатчы институтунун кѳзѳмѳлүндѳ», -деди Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Ысык-Кѳл облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Өмүрбек Тамаев.

Буга чейин Barometr.kg маалымат агенттигине жергиликтүү жарандардан бир үй-бүлѳ Ильяны акысыз мал кайтартканы тууралуу маалымат түшкѳн. Бул маалыматты тактоо максатында Акыйкатчы интутунун Ысык-Кѳл облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Өмүрбек Тамаев менен байланыйштык. Анда ал мындай маалымат берди:

«Ильяга Түп райондук социалдык ѳнүктүрүү мекемеси тарабынын тастыктаган  күбѳлүк берилди. Дарыгерлердин кѳзѳмѳлүнѳн ѳттү. Азыркы күндѳ акыйкатчы институтунун кѳзѳмѳлүндѳ», - деди.

Кошумчалай кетсек, Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Булуң айыл өкмөтүндөгү Фрунзе айылында чоочун кишилер жетим балага (болжол менен 8-9 жаштарда) мал кайтартып койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/akyjkatchy-iliya-azyr-akyjkatchy-institutunun-kzmlnd



Добавить комментарий