Акы тѳлѳнүүчү жолдор туралуу мыйзам ѳкмѳттѳ каралып жатат
Поделиться в:
Акы төлөнүүчү жолдор жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору мамлекеттик мекемелер менен макулдашылып, Өкмөт аппаратынын кароосуна берилди. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирди.
Министрдин айтымында, акы төлөөгө өткөрүү боюнча биринчи пилоттук долбоор үчүн министрлик тарабынан Бишкек шаарындагы 73 чакырым жол — Алмата көчөсүнөн тарта Чым-Коргон айылына чейинки аралык сунушталган.
«Мыйзам долбоору боюнча альтернативдик мүмкүнчүлүктөрү бар жалпы пайдалануудагы жолдор акы төлөнүүчү жол болушу мүмкүн», - деди министр.
Ссылка: https://barometr.kg/aky-tlnch-zholdor-turaluu-myjzam-kmtt-karalyp-zhatat
Добавить комментарий ×