Актер Азиз Мурадиллаев 44 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген артист Азиз Мурадиллаев узака созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу журналист Ассоль Молдакматованын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Азиз Мурадиллаев боор оору менен бир топ жылдан бери ооруп келген.
Бүгүн, 17-декабрда 44 жаш курагында оорудан улам Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Азиз Мурадиллаев дүйнө салды.
Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.
Учурда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп жаткан.
Ссылка: https://barometr.kg/akter-aziz-muradillaev-44-zhash-kuragynda-bul-djn-menen-kosh-ajtyshty
Добавить комментарий ×