Аксыда ууланып каза болгон туугандардын эмне ичип-жегени маалым болду

4 марта 2021 15:57 3238 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда ууланып каза болгондордун эне ичип-жегени такталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү таңкы 07:15тер чамасында Аксы РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери кайрылып, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын 3 тургуну оор абалда, болжолдуу диагнозу “уулануу” менен кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын билдирген.

“Алдын ала алынган ыкчам маалымат боюнча 2-март күнү саат болжол менен 14:00дөр чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. атуу тургуну буюрутма берип, өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык иш-чара өткөрүп берүү үчүн кайрылган.

Ал Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адамдарды чакырган. 

Чакырылган жерге 19 адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдык маанай менен отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген. Отуруштан болжол менен саат 16:30дарда тарап кетишкен.

Эртеси, тактап айтканда 3-март күнү кечинде болжол менен 23:00дөр чамасында отурушка барган атуулдардан алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан алып барылган жана ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлүп, абалдары оор болгондуктан жолдомо менен Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Алардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келген соң каза болушкан.

Каза болгондор:

  • Ийри-Булуң айылынын 59 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну (аял киши);
  • Ийри-Булуң айылынын 62 жаштагы Т.Ш. аттуу жашоочусу (эркек киши);
  • Ийри-Булуң айылынын 69 жаштагы А.Р. аттуу жашоочусу (аял);
  • Кызарт айылынын 54 жаштагы М.Ч. аттуу жашоочусу (эркек киши);
  • Кызарт айылынын 53 жаштагы К.Ж. аттуу жашоочусу (эркек киши);
  • Чарба айылынын 54 жаштагы О.Ч. аттуу жашоочусу (эркек киши).

Бул факты 2021-жылдын 4-мартында Аксы РИИБдин КЖБРне КРнын Жзаык кодексинин 280-беренеси (Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, буга чейин Аксы районунда майрамдык отурушка барган туугандар массалык түрдө ууланып, үч адам ооруканга жетпей каза болгону кабарланган. 

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-uulanyp-kaza-bolgondordun-sany-6-adamga-zhetti-miliciya-alardyn-emne-ichip-zhegeni-tuuraluu-maalymat-berdi



Добавить комментарий