Аксыда сабалган окуучу: өспүрүмдүн апасы тосмо арыз жазып берип койгон

12 марта 2020 12:30 2556 1 Barometr
Поделиться в:
ok

7-февраль күнү болжол менен саат 21:00 чамасында Аксы РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык оорукананын дарыгери сынык-жараат бөлүмүнө Авлетим айыл аймагынын 2004-жылы туулган тургуну  Т.М. денесинен жараат алып, ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган. Бул тууралуу Жалал-Абадд облустук милициясы кабарлады.

Бул маалымат боюнча милиция тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала териштирүүдө, окуя 2020-жылдын 6-февраль күнү саат 13:30 чамасында Авлетим айылындагы №5 А.Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде өзүнө теңтуш 9-класста окуган 6 бала “Чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгондугу такталган. Ошондой эле окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен Аксы РИИБине кайрылган.


Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материал Аксы РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өндүрүш ишинин алкагында Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган өндүрүш иши боюнча жабырлануучунун апасы О.З. мыйзамдуу өкүлү деп табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө О.З. эч кимге арыз-доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз менен кайрылган. Бирок Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча тосмо арыз канааттандыруудан баш тартылган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында сот-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

Белгилей кетүүчү жагдай, социалдык тармактарга тараган видеодогу “Таасирлүү адамдар ортого түшүп, ишти жаап салышкан” - деген пикир чындыкка дал келбейт жана милиция бул ишти толук, объективдүү жана ар тараптуу текшерүүгө алып аягына чыгарат.

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-mektep-okuuchusunun-sabalyshy-sprmdn-apasy-tosmo-aryz-zhazyp-berip-kojgon



Добавить комментарий