Аксыда курдаштарынан таяк жеген окуучу окуган мектептин директору кызматтан алынды

12 марта 2020 18:35 1309 Barometr
Поделиться в:
ok

Аксы районундагы Авлетим айыл аймагындагы Асанбек Кабаев атындагы №5 мектептин директору Кененбай Шабданов кызматтан алынды. Бул тууралуу «Барометр» агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, директор өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыктан кызматтан кеткен. Андан сырткары мектептеги социалдык педагог да иштен алынган.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда курулуп бүтө элек имараттын ичинде топ балдардын тепкисинде калган окуучунун видеосу тараган. Анда окуя Аксыдагы Авлетим айыл аймагындагы мектепте болгону кабарланган.


Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап кеткенден кийин милиция дагы маалымат берип, аталган факты иликтенип жатканын айткан. Ал ортодо Аксы РИИБдин жетекчиси аталган аймакты тескеген кызматкерге сөгүш берди.

Учурда керектүү сот-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/aksyda-kurdashtarynan-tayak-zhegen-okuuchu-okugan-mekteptin-direktoru-kyzmattan-alyndy



Добавить комментарий