Аксы районунун эки айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Аксы районунда селден кийин жоголгон эки баланы издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.
12-июлда болгон селден Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосунда 7 адамды жана Жаңы-Жол айылында бир баланы сел агызып кеткен. Куткаруучулар 6 адамдын сөөгүн табышты.
Мындан тышкары сел ички жолдорду жана 4 көпүрөнү жараксыз кылган.
Ак-Жол жана Жаңы-Жол аймагында селдин кесепеттерин жоюу уланууда.
Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы эки айылдын аймагына өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.
Ссылка: https://barometr.kg/aksy-rajonunun-eki-ajylyna-zgch-kyrdaal-rezhimi-kirgizildi
Добавить комментарий ×