Аксы районунун акими болуп Ыманберди Досбаев дайындалды
Поделиться в:
Ыманберди Досбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Досбаев Ыйманберди Райымбердиевич 1962-жылы 25-июлда Жалал-Абад областынын Чаткал районуна караштуу Акташ айылында туулган. Токтогул районунун акими, КРнын президентинин аппаратынын стратегиялык анализ жана мониторинг бөлүмүнүн эксперт-консультанты кызматтарында иштеген.
Ссылка: https://barometr.kg/aksy-rajonunun-akimi-bolup-ymanberdi-dosbaev-dajyndaldy
Добавить комментарий ×