Аксынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-жылдын 20-ноябрындагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик, жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 47-беренесине ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №13 Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосунда мушташ болгон. Бул боюнча видео соцтармакта тарап, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/aksy-rajonduk-bilim-ber-blmnn-bashchysy-kyzmatynan-boshotuldu
Добавить комментарий ×