"Акшоола" сериалынын актёру үйлөндү

8 июня 2020 12:23 2067 Barometr
Поделиться в:
ok

Актёр Болотбек Тилек сүйүктүүсү Аруукеге баш кошту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасында билдирген.

“Акшоола” сериялы, “Салам, Бишкек”, “Түндүктүк келин”, “Соолуган гүлдөр”, "Кайнене", "Супер келиндер" сыяктуу көптөгөн тасмаларда роль жаратып, бир топ клиптерге тартылган актёр сүйүктүүсүнө баш кошту.

“Жараткан Алланын буйругу менен сүйүктүүм Арууке менен баш кошуп, нике тоюбузду өткөрдүк. Жалпы журтчулуктун үрөйүн учурган карантиндин талаптарын бузбай, чакын адамдардын коштоосунда нике тоюбузду белгиледик. Жараткан бизге ден соолук, ишибизге ийгилик, эки дүйнөдө  бактылуулукту насип кылсын”- дейт актёр.

Сөйкө салуу аземи 16-мартта өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/akshoola-serialynyn-aktyoru-jlnd



Добавить комментарий