АКШдагы шайлоо: Дональд Трамп атаандашы Жо Байденден бир топ алдыга озуп чыкты
АКШнын бир нече маалымат каражаттары президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялап жатышат. Учурдагы президент Дональд Трамптын эң негизги атаандашы Жо Байден алдыга келе жатканы кабарланууда. Бул тууралуу Fox News жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Ага ылайык, шайлоо бюллетендеринин 53% иштетилгенден кийин, Трамп 55,8% добуш алып, анын демократтардан чыккан атаандашы Джо Байден 43,1% добуш алган.
Американын учурдагы лидери Огайодо 75% добуш менен жеңишке жетишсе, Байден 47,3% добушка ээ.
Мындан тышкары, Трамп Байдендин туулган жери Пенсильванияда да алдыга озуп чыкты. Шайлоо бюллетендеринин 26% иштетүүнүн жыйынтыгы боюнча АКШнын учурдагы президенти 50,1%, ал эми анын атаандашы - 46,5% добуш алган.
Добуштардын 91% саналган Флоридада Трамп 51,3%, Байден 47,8% добуш алып жатат.
Ошондой эле Трамп Түндүк Каролина штатында добуштардын 90% эсептөөдөн кийин алдыга озуп чыкканы маалым болду. Ал жерде учурдагы президент 49,72%, Байден 49,1% добуш алган.
Техаста бюллетендердин 70% иштетилди. Трамп 50,8% менен алдыда, ал эми анын атаандашы 47,8% менен келе жатат.
Өлкө боюнча шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат. Ар бир штаттан келген шайлоочулардын саны штаттын Конгресстеги өкүлдөрүнүн санына барабар. Шайлоодо шайлоочулар өз штатында мурда жеңип чыккан талапкерге добуш бериши керек, бирок аларды буга милдеттендирген мыйзам жок. Ошентип, америкалыктардын көбүрөөк добушун алган талапкер жеңүүчү болот.
Добавить комментарий ×