Полициянын колунан каза болгон кыргызстандыктын жакындарына каражат чогултушууда
Чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар Американын Пенсильвания штатында полициянын колунан каза тапкан Нургазынын жакындарына каражат чогулта башташты. Бул тууралуу GoFundMe платформасына жарыяланганын “Барометр” билдирет.
Платформага Нургазынын бир тууганы Адилет Мамыровдун билдирүүсү жарыяланган. Анда чогулган акчанын бир бөлүгү кыргызстандыктын каза табышы боюнча жагдайды көз карандысыз иликтөөгө, бир бөлүгү Нургазынын жакындарына берилери тууралуу жазылган.
Ошондой эле Адмлет Мамыров иниси үйдөгү эң кичүү бала болгонун, жаңы гана үйлөнгөнүн, АКШда жүк унаасын айдап иштеп жүргөнүн, атасы бул кайгылуу окуяга чейин эле жүрөгүнөн приступ кармап бейтапканада жатканын, ата-энесинин акылабы азыр оор экени тууралуу жазган.
Эскерте кетсек, 5-октябрда Пенсильвания штатынын Клинтон округунда 28 жаштагы кыргызстандык полициянын колунан каза тапкан.Расмий версиялар боюнча ал полициялардын талаптарына баш ийбей койгондугу айтылууда.
Добавить комментарий ×