АКШда өлүм жазасы күчүнө кирди, ага афроамерикалык жаранды атып өлтүргөн полиция кызматкери тартылышы мүмкүн

18 июня 2020 12:50 1795 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШнын Атланта шаарында экинчи афроамерикалык жаранды атып өлтүргөн полиция кызматкери өмүр бою эркинен ажырап же өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Рэйшард Бруксту атып өлтүргөн полиция кызматкерине 11 айып коюлду. Алардын негизгиси өтө оор кылмыш болуп эсептелген адам өлтүрүү беренеси. Бул үчүн жазалануучу өмүр бою эркинен ажырайт же өлүм жазасына тартылат", — деди аймактык прокурор.

Эске салсак, АКШнын Атланта шаарында полицияга автоунаа туура эмес жерде токтоп тургандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган полиция кызматы мас абалындагы 27 жаштагы Рэйшард Бруксту алып кетүүнүн аракетин көргөн. Кармашуу учурунда ал полиция кызматкеринин электрошокерин жула качкан. Аны кубалап бара жаткан полиция чыгарган ок барып Брукска тийип, ооруканада көз жумган.

Бул АКШ катталган биринчи окуя эмес. Ага чейин 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү жергиликтүү калктын жана АКШдан башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир нече шаарында башаламандык болуп, талап-тоноо күч алган.

Белгилей кетсек, АКШда акыркы жолу өлүм жазасы 2003-жылы тартылган. Кошмо штаттардын башкы прокурорунун Уильям Барр 4 кылмышкерди өлүм жазасына тарткан. Алар 13, 15, 17-июлда жана 28-августа аткарылат. Өлүм жазасына тартылган кылмышкерлер жаш балдарды өлтүрүп, жашы жете электерди зордукташкан.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-lm-zhazasy-kchn-kirdi-aga-afroamerikalyk-zharandy-atyp-ltrgn-policiya-kyzmatkeri-tartylyshy-mmkn



Добавить комментарий