АКШда Кыргызстанда туткунга түшкөн америкалык тууралуу фильм тартылды
Американын режиссерлору АКШнын Эль-Капитан тоосуна чыккан альпинисттер тууралуу баяндаган The Dawn Wall деп аталган даректүү тасма тартышты.
Тасманын каармандарынын бири Томми Колдуэлл 19 жыл мурда Кыргызстанга келип туткунга түшкөнү тууралуу айтылат.
“2015-жылы аскага чыгуучулар Томми Колдуэлл жана Кевин Йоргесон өз күчтөрү менен Калифорниядагы Таң дубалы аскасына чыгышкан. Бирок Колдуэлл үчүн бул аскага чыгуу жөн гана аскага чыгуу эмес эле. Бул тоскоолдуктарды ашып өтүүчү жашоо кульминациясы болчу. 22 жашында ал Кыргызстанда жоочулардын колуна туткунга түшкөн”,-деп айтылат тасманын аннотациясында.
“2000-жылы Кыргызстанга Тажикстан тараптан Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары келген. Бул аралыкта аталган райондо бир нече альпинисттер жүргөн эле. Жоочулар АКШнын төрт жаранын колго түшүрүшкөн, алардын арасында Томми Колдуэлл да бар эле.Бир нече күндөн кийин туткундар качып чыгышкан. Тоодо жүргөн кезде аларды кыргыз аскерлери куткарып калган”,-деп айтылат тасмада.
Томми Колдуэлл аскага чыгуусун кантип улантканы, жашоодогу кыйынчылыктары тууралуу The Dawn Wall тасмасында баяндалат.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-kyrgyzstanda-tutkunga-tshkn-amerikalyk-tuuraluu-film-tartyldy
Добавить комментарий ×