АКШда эже-сиңди кароолчуну маска кийүүнү талап кылгандыгы үчүн бычактап салган

28 октября 2020 16:44 1107 Barometr
Поделиться в:
ok

 АКШнын Чикаго штатында эже-сиңди күзөт кызматкери дүкөнгө маска кийип кирүүнү өтүнгөндө аны бычак менен сайып койгон. Бул тууралуу Chicago Tribune басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жессика менен Джейла Хилл эже-сиңдилер Чикагодогу дүкөнгө кирип барышканда, күзөтчү аларга келип, беткап кийип, кол тазалагычтарды колдонууну талап кылган.

Күзөтчү аталган талапты аткарбаган аялдарга дүкөндөн чыгып кетүүнү суранган. Анын талабына жини келген эже-сиңдилердин бири эркек кишини таштанды челеги менен уруп, андан кийин чачынан кармап, экинчиси кароолчуну таракка катылган кичинекей бычак менен сайган. Жаракат алганына карабастан, эркек киши полиция кызматкерлери келгенге чейин дүкөнгө чыр салган  эже-сиңдилерин кармоого жетишкен.

 Ал ооруканага жеткирилген, хирургиялык кийлигишүү талап кылынган эмес.

Аялдарга адам өлтүрүүгө аракет жасоо боюнча айып тагылып, Хиллдин адвокаты аялдар өзүн-өзү коргоо максатында иш-аракет кылганын билдирди. Сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө жана камеранын жазууларына таянып, аларды кепилдик менен үй камагына бошотту.

Сот жараяны кийинки жумада болот деп күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-ezhe-sidi-karoolchunu-maska-kijn-talap-kylgandygy-chn-bychaktap-salgan



Добавить комментарий