АКШда Джордж Флойдду муунтуп өлтүргөн экс-полиция кызматкери түрмөдөн бошотулду

8 октября 2020 17:22 522 Barometr
Поделиться в:
ok

Афроамерикалык Джордж Флойдтун өлүмүнө айыпталып жаткан америкалык мурдагы полиция кызматкери Дерек Шовин миллион доллар күрөөгө коюуп абактан чыкты. Бул тууралуу Reuters агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Миннесота соту 7-октябрда 1 миллион доллар күрөөгө алып, мурунку полиция кызматкерин абактан бошотуу чечимин кабыл алган. Анын жактоочусу кепил катары чыккандыгы белгилүү болду. Эми Дерек Шовин 2021-жылдын 8-мартында сотко келиши керек, ага чейин ал эркиндикте болот.

Эске салсак, Джордж Флойду офицер Шовин кармап алып, тизеси менен кекиртегин катуу басып алагдан улам дем жетпей көз жумган. Флойддун өлүмүнөн  кийин АКШда башаламандыктар башталды, ал ушул күнгө чейин айрым шаарларда уланып жатат. Экспертиза Флойд муунтуп каза болгонун тастыктаган. АКШда кара терилүү адамдарга карата полиция тарабынан  ырыайымсыз мамилелер болуп жатканына нааразы болгон эл бир нече ай боюу нааразычылык акцияларын уюштуруп келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-dzhordzh-flojddu-muuntup-ltrgn-eks-policiya-kyzmatkeri-trmdn-boshotuldu



Добавить комментарий