АКШда аял арыктайм деп грейпфрут жеп, бутунан айрылып кала жаздады
АКШда аял арыктайм деп тамактануу рационуна грейпфрутту көп колдонгондон аз жерден бутунан айрылып кала жаздаган. Бул тууралу "Tengri Lifestyle Doctorpiter" басылмасына шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.
Ашыкча салмактагы адамдар, активдүү кыймылдоону каалабай калышат да, адатта эң оңой жол менен арыктоону каалашат. Бул учурда эң жакшы вариант спорт менен машыкпай туруп, салмак таштоо жолун тандап алышат. Көптөр экстремалдык диетаны тандашат, анын артында ден соолук үчүн чоң коркунучтарга алып келерине көңүл бурбайт. Дарыгерлердин айтымында, мындай диетанын кесепеттери менен кийин күрөшүүгө туура келет.
Ошентип, АКШда 42 жаштагы аял дем алуусу, баш айлануу, белинин, сол жамбашынын жана сол бутунун катуу ооруганына даттануу менен ооруканага түшкөн. Дарыгерлер текшергенде сол буттун тамырларында чоң кан уюган тромб пайда болгон. Бир аз көбүрөөк жүргөндө гангрена башталмак, бул сөзсүз түрдө ампутацияга алып келет.
Оорулуу бактылуу экен дарыгерлер тромболизди - кандын уюганые дарыларды киргизүү процедурасы менен аны эритип жиберүүгө жетишти. Буту сакталып калган. Кан тамырлардын мынчалык тез бүтөлүшүнө эмне себеп болгонун аныктоо керек болгон.
Изилдөөнүн жыйынтыгы ушунчалык таң калыштуу болгондуктан, алар атүгүл авторитеттүү Lancet журналында да жарыяланган.
Дарыгерлер кандын уюп калышынын катализатору грейпфрут деген жыйынтыкка келишкен. Мурда аялдын рационунда бул жемиш көп болгон эмес, бирок ооруканага барардан 3 күн мурун ал грейпфрут диетасына отурган. Бейтапты караган дарыгерлердин айтымында, анын салмагы бир аз ашыкча болгон.
Бирок, ал тамеки чеккен эмес жана спирт ичимдиктерин да колдончу эмес.
Ал ошондой эле, күн сайын калкан безинин дарыларын, ошондой эле аз дозадагы бойго болтурбоочу таблеткаларды ичкен.
"Ал мурун грейпфрутту сейрек жечү, бирок акыркы 3 күндөн бери ал күн сайын эртең менен 225 грамм (жарым грейпфрут) жеген",-деп билдирген дарыгер.
Бул факторлор биригип, чындап эле терең тамыр тромбозуна себеп болушу мүмкүн. Анын ширеси CYP3A4 ферментинин аракетин бөгөттөп, ал өз кезегинде "контрацептивдик" эстроген гормонун талкалайт. Мунун баары чогуу кандын уюшунун деңгээлинин жогорулашына алып келет.
"Грейпфрут ширеси өтө жай бузулат. Башкача айтканда, аны күн сайын ичсеңиз, кумулятивдик эффект пайда болот. Натыйжада диетанын үчүнчү күнү пациенттин эстрогенинин деңгээли нормадан бир топ жогору болуп, бул өз таасирин тийгизген. Албетте, дарыгерлер тез арада грейпфрут жегенди токтотуу керек деп айтышпайт. Болгону бардыгын ченемлүү колдонуу керек экенин эскертишет.
"Бул өтө адаттан тыш көрүнүш. Мүмкүн, грейпфрут, чынында эле, "кандын уюп калышынын" таасирин генетикалык ыктуулук болгон учурда, бойго болтурбоочу таблеткалардын таасирин күчөтөт. Бирок тыянак башкача болушу керек: ар кандай экстремалдык диеталардан оолак болуу керек, анткени алар күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн ", - деп белгилейт Улуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын башкы гематологу, доктор Тревор Баглин.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-ayal-aryktajm-dep-grejpfrut-zhep-butunan-ajrylyp-kala-zhazdady
Добавить комментарий ×