АКШда айым-учкуч кыймылдаткычы бузулган учакты ийгиликтүү жерге кондурду. Видео

5 июня 2018 19:55 1514 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкада авиа каттамдардын биринин учкуч-айымы өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөттү. Кыймылдаткычы иштебей калган унааны айым эч кандай тынчсыздануусуз, автострадага алып келип токтотту. Fox 61 маалымат булагынан билдирүүсүнө караганда, учак жерге өтө көп кыймыл болуп жаткан саатарда келип, эч бир унаага сүзүшпөй, башаламандык жаратпай туруп конгон. Алгач айтылган эскертүүдөн улам аэропорттогу унаалар алысыраак жерге токтотулуп, учакка жол бошотуп беришкен.

Жүргүнчүлөр оор басырыктуу айым-учкучтун бул аракетин “жер жүзүндөгү эң ийгиликтүү жана токтоо адам” катары сыпатташууда. Анткени, учак токтоп, ал жерге полиция келгенге чейин учкуч өзүн жоготпой оор басырыктуу абалда алып жүргөн.

Видео бул жерде.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-ajym-uchkuch-kyjmyldatkychy-buzulgan-uchakty-ijgilikt-zherge-kondurdu-video



Добавить комментарий