АКШда 15 жаштагы окуучу үй тапшырма аткарбагандыгы үчүн абакка камалды

17 июля 2020 15:06 1223 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкада 15 жаштагы окуучу кыз үй тапшырма аткарбагандыгы үчүн өспүрүмдөрдүн түрмөсүнө камалды. Бул тууралуу “ProPublica Illinois” басылмасына шилтеме берип “Барометр” которду.

Окуя 2019-жылы АКШнын Мичиган штаттында башталган. Грейс аттуу 15 жаштагы окуучу кыз кол салуу жана уурулук боюнча күнөлүү деп табылып, сыноо мөөнөтү катары эркиндикте калтырылган.

Бирок, эки ай мурун жергиликтүү судья, Грейстин үй тапшырма кылбаганын шартты бузуу деп таап, окуучуну жашы жете элек балдардын абагына (комплекс) камаган.

Эркиндиктен ажыратылган өспүрүм көңүл тартыштыгы синдрому менен жабыркап келет жана мектептер коронавирустун айынан өткөн онлайн-сабактар ага өзгөчө кыйынчылык жаратканы айтылат.

“Бул иш кайра карап чыгууну талап кылат”, - деди кызды соттогон судья менен сүйлөшкөн Окленд округунун башчысы Дэвид Кулпер.

Эскерте кетсек, Грейс афроамерикалык кара тору кыз.

Жактоочулар бул расалык басмырлоо деп эсептешет. Грейстин соттук иши боюнча кезектеги отуруму 8-сентябрга пландаштырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/akshda-15-zhashtagy-okuuchu-j-tapshyrma-atkarbagandygy-chn-abakka-kamaldy



Добавить комментарий