АКШ Венесуэланын президенти Мадурону кармоого көмөктөшкөндөргө 15 млн. доллар берет

27 марта 2020 17:38 1364 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадуронун баңгизатын дүйнөгө сатууга катыштыгы бар экенин ырастай турчу маалымат үчүн миллиондогон доллар сый акы берет.

“АКШнын мамлекеттик департаменти Николас Мадурого байланышкан маалымат үчүн 15 миллион долларга чейин сый акы карады”, — деп мамлекеттик катчы Майк Помпео билдирди.

Ал эми Венесуэланын өкмөтүнүн мүчөлөрү тууралуу маалымат бергендерге 10 миллион доллар каралган. Негизинен маалыматтар Улуттук Кеңештин башчысы Диосдадо Кабельо Рондон, аскер чалгындоонун мурдагы президенти Уго Карвахаль Барриос, отставкадагы генерал-майор Кливер Алькала Кордонес, вице-президент Тарек Зайдан Эль-Айссами Мадда тууралуу болушу керек.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-venesuelanyn-prezidenti-maduronu-karmoogo-kmktshkndrg-15-mln-dollar-beret



Добавить комментарий