АКШ Россияда ойлоп табылган вакцинаны кабыл алуудан баш тартты

27 августа 2020 11:28 1486 Barometr
Поделиться в:
ok

АКШ Россиянын коронавируска каршы ойлоп тапкан вакцинасын кабыл албай тургандыгын Ак үйдүн аппарат башчысы Марк Медоуз билдирген. Бул тууралуу ТАСС агенттигине шилтеме берип “Барометр” которду.

“Биз Россия ойлоп тапкан вакцинаны кабыл албайбыз. Мен өзүм жөнүндө айтсам, мен бул вакцинаны кабыл алмак эмесмин”, -деди АКШ президентинин администрация өкүлү

Медоуз Вашингтондун дары дармеке болгон көзөмөлдү сактай турганын белгилеп өттү. Анын айтымында АКШнын өздөрүнүн коронавируска каршы вакцинасы күз айларына даяр болуп калышы мүмкүн экендигин айтты.

Буга чейин белгилүү болгондой, Россиянын коронавируска каршы вакцинасын 27 өлкө сатып алууга даяр экендигин билдирген. Алардын ичинде— Белоруссия, Азербайджан, Венесуэла, Бразилия жана Казахстанга окшогон өлкөлөр.

Владимир Путин биринчилерден болуп Россия 11-августта коронавируска каршы вакцинаны каттатканын айткан. Вакцинанын аталышы «Спутник V», анын өндүрүлүшү 15-августтан башталган.

Ссылка: https://barometr.kg/aksh-rossiyalyktar-ojlop-tapkan-vakcinany-kabyl-aluudan-bash-tartty



Добавить комментарий